Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 26.08.2015 14:43

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 43 жаштагы тургуну А.Карабекова күн сайын таң эрте көлгө түшүп, ден соолугун чыңдайт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 43 жаштагы тургуну Анара Карабекова күн сайын таң эрте Комсомол көлүнө түшүүнү адатка айланткан, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Карабекованын айтымында, ал 3 жылдан бери жай айларында таң эрте туруп, көлгө түшөт.

«Таң эрте туруп, шаардагы стадиондо жүгүрөм. Ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасайм. Жайкысын сууга түшөм. Жылдын суук мезгилинде жөө басам. Бул машыгуу кандын айланышын жөнгө салып, жүрөктүн иштешин жакшыртат. Ашыкча салмактан арылтып, дене бойду сымбаттуу кылат. Мен машыккандан бери өзүмдү жеңил сезип, ден соолугумдун жакшырганын байкадым. Себеби, күн сайын эрте туруп, таза абада чуркап, сууга түшүп, тамактанып анан жумушума барам. Көңүлүм куунак тартып, сергек болом», - деп билдирди ал.

А.Карабекова орто билимдүү. Учурда Токтогул Каскаддар ГЭСинин коммуналдык ишканалар комбинатынын, муздак суу бөлүмүндө кассир-көзөмөлдөөчү болуп иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×