Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 24.08.2015 14:18

Айыл турмушу: Аксынын тургуну суу тартыш болуп, жүгөрүнүн түшүмү начар болгондуктан кышкы тоютту аз даярдады (фото)

Turmush -  Аксы районунун Жаңгак айылынын тургуну Адилбек Султанбеков быйыл 50 сотых жерге жүгөрү эгип, суу тартыштыгынан улам түшүм жакшы болбой калгандыгын билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Султанбековдун айтымында, жүгөрү бышканча 4 ирет суугарылуусу керек болчу, айылда суунун таңкыстыгынан 2 ирет гана суугарууга мүмкүн болгон.

«Ар бир жүгөрү 2 баш сото болуп, бою 2 метрге чейин өсүш керек болчу. Тилеке каршы, андай болгон жок. Буга байланыштуу кышка карата мал жандыкка жем, тоют аз камдап калдым. Эми кыштын жеңил болорун тилеп жатам», - дейт дыйкан.

«Түшүм аз болсо да талаага таштабай, жыйнап алуу керек. Мындан тышкары, талаага 50 сотых беде айдагам. Учурда 3-орумун оруп алганы жатам. Ал жакта скважинанын суусун пайдаланып, саатына 50 сомдон сатып алам. Июнь, июль айларында суу алууга кезек көп болгондуктан 2 саатка гана уруксаат берилди», - деп кошумчалады А.Султанбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×