Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 24.08.2015 12:30

Айыл турмушу: Кара-Көлдө эс алуу аллеясындагы гүлдөрдү кароо менен алектенген айымдар айына болгону 4 миң сом алышат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургундары, кесиптештер Ж.Каналиева менен Ы.Райимбековалар шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын өндүрүш курулуш жана көрктөндүрүү секторунда чогуу иштетешет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Кесиптештердин айтымдарында, экөө шаардын борбордук көчөсүндөгү эс алуу аллеясынын гүлзарын гүлдөтүп, чөбүн оруп, таштандысын жыйнап турушат.

«Айлык маянабыз аз, бирок сентябрь айынан тарта көбөйөт деп жатышат. Эртең менен саат 7ден кечки саат 4кө чейин иштейбиз. Эгер иштебей үйдө отуруп калсак, балдарыбызды ким багат?», - деп билдиришти алар.

Ж.Каналиеванын айтымында, анын жолдошу жок, 3 баласын өзү багат. Ал эми Ы.Райимбекованын жолдошу ден-соолугуна байланыштуу 2012-жылдан бери иштебейт, анын да 3 баласы бар.

«Болгону 4 миң сом айлык алабыз. Жакында мектептерде жаңы окуу жылы башталат. 9-класска бара турган окуучунун формасы 2000 сом, 7-класска бара турган окуучунуку 1600 сом, 1-класска бара турган баланын формасы 1650 сомду түзөт. Тапкан айлыгыбызга балдарыбызды мектепке даярдайбыз», -деп билдиришти айымдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×