Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 24.08.2015 10:48

Айыл турмушу: Аксынын тургуну С.Хайдаров 60 сотых жерге картошканын жаңы сортун эгип, мол түшүм алууну пландоодо (фото)

Turmush -  Аксы районунун Атана айылынын тургуну Сабыр Хайдаров короосундагы 60 сотых аянтка картошка эгип, быйыл түшүмдү мол алууну пландоодо, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

С.Хайдаровдун айтымында, өткөн жылы 10 сотых жерден 5 тонна картошка казып алган.

«Быйыл картошканын уругун жаңылап, эч кандай дары кошпой, экологиялык жактан таза түшүм алууну көздөп жатам», - дейт ал.

Дыйкан белгилегендей, чурда Аксы аймагында картошка базар баасында дүңүнөн 15 сомго бааланууда.

«Быйыл короого картошкадан башка пияз, болгар калемпири, жүгөрү, сабиз да айдадым. Иринжит каналынан 35 чакырым аралыктан суу буруп келип, талааларды суугардым. Кийинки жылы дарбыз, коон эгүүнү пландап жатам», - дейт С.Хайдаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×