Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 24.08.2015 08:38

Айыл турмушу: Ош—Бишкек унаа жолунда күнүнө 200 литрге чейин жарма сатып жаткан Я.Дадамурзаевди айрым кардарлар үйүнө чейин издеп келет (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кыпчак-Талаа айлынын тургуну Якубжон Дадамурзаев күнүнө 200 литрге чейин жарма жасап сатат. Кардар абдан көбөйдү, кээде үйгө чейин издеп келип, буюртма бергендер бар, деди ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде.

Анын айтымында, жолоочулардын жарма ичип, суусундуктарын кандыруу үчүн Ош—Бишкек унаа жолунун жээгине атайын чарпаяларды жасап, каалоочуларга ысык чай демдеп берип, алыс жолдон чарчагандарды эс алдырууга аракет кылат.

«Жарманын 1 литрин 30 сомдон сатам. Алыс жолдо чарчап, чаңкап келе жаткан жүргүнчүлөр, айдоочулар ыраазычылыгын айтып кетишет», - деди Я.Дадамурзаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×