Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 21.08.2015 17:27

Айыл турмушу: Кара-Көлдө 7-класстын окуучусу Д.Макешов комузда 15тен ашык күүлөрдү чертет (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын №3 орто мектебинин 7-классынын окуучусу Дастан Макешов комузда 15тен ашык кыргыз күүлөрүн чертет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Д.Макешовдун айтымында, ал Кыргызстандын белгилүү комузчуларынан сабак алып, концерттерге катышып келет.

Учурда ал Кара-Көл шаардык балдар музыкалык мектебинде окуйт. Комуз чертүүгө кызыгуусуна апасы Тахмина Макешова түрткү болгон. Анткени, апасы балдар музыкалык мектебинде мугалим болуп иштейт.

«Мен 8 жашымдан баштап комуз чертүүнү үйрөнө баштадым. Ошол күндөрдөн тарта комузга кызыгуум артты. Комуз чертүү бул менин хоббим. Апамды ээрчип, балдар музыкалык мектебине барып, окуучуларга комуздан сабак бергенин көрүп жүрүп, үйрөндүм», - дейт ал.

«Ар бир күүнүн өзүнчө тарыхы, баяны бар. Аларды ойноп жатканда түшүнүп, элестетип ойногонго аракеттенем. Эгер адам музыканы түшүнсө, ал абдан кызыктуу», - деп кошумчалады ал.

Быйыл ал облустук жаш таланттар сынагында жеңүүчү аталган. Андан соң, анын республикалык туруна катышып, сыйлыктарга ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×