Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу 21.08.2015 14:26

Айыл турмушу: Жип менен сүрөт тарткан жалал-абаддык уз-чебер буюртмаларды алуу менен айына 15 миң сомго чейин эмгек акы табууда (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Жаңы-Базар айылынын тургуну Махабат Тагаева сайманын өзгөчө түрү — чокума сайма менен бир топ жылдан бери алектенип келет. Ал өз үйүндө буюртма алып, кардарларынын табитиндеги саймаларды түшүрүп берет.

«Аталган сайма дээрлик колдонулбайт, бирок кыргыздын сайма, курактарына кызыккандардын көбү сайманын ушул түрүнө буюртма берет.

Мындан сырткары, кыздын көшөгөсүн да ушул саймадан тигишет. Бирок бул сайманы саюуда ийнеси негизги курал болот. Аны табуу да кыйынга турат. Мисалы мен ушул түрүнө көп кызыккам. Азыр үйдө отуруп эле айылдагы кыздардын себине буюртма алып, айына 10-15 миң сомдун тегерегинде каражат табам.

Ал үйдөгү кемчилдиктерди толуктап турганга жетет. Бир көшөгөнү тигүү үчүн орто эсеп менен 10 күн убакыт коротосуң. Аны кооздоп тигүү кардардын берген буюртмасына багытталат. Кээ бири жаратылышты тарттырса, кээ бири оймо-чиймеге басым жасайт. Анын баасы ар кандай. Сайган жибек менен кездеменин арзан-кымбаттыгына карап баа коёбуз. Бул сайма үчүн материалдардын ичинен эң жакшы түрү — кыжыма. Бул материалдан тигилген көшөгө же болбосо жаздыктар кымбатыраак. Тактап айтканда 6-7 миң сомдун тегерегинде болот», - деди М.Тагаева.

Акыркы убакта сайма менен сүрөт түшүргөндү баалагандар азайып баратканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×