Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 20.08.2015 16:15

Айыл турмушу: Кара-көлдүк айым Н.Бабаканова чачын 1 метр 30 сантиметрге чейин өстүрдү (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында узун чачтуу айымдар саналуу эле, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жергиликтүү айымдар 54 жаштагы Эркайым Ажыканова менен 48 жаштагы Махабат Мусуралиева окуучулук кездеринен тарта чачтарын өстүрүп келишет.

Ал эми Назгүл Атагелдиева 1995-жылдан бери чачын өстүрүп келген болсо, 33 жаштагы Назгүл Бабаканова 2004-жылдан бери чачын өстүрүп, учурда узундугу 1 метр 30 сантиметрге чейин жеткен.

Алар белгилегендей, узун чачты карап, өстүрүү өзгөчө кам көрүүнү талап кылат.

«Илгери аялдын чачына өзгөчө маани берилип, кыздар беш көкүл чач коюп, кыркка бөлүп, чач өрүшкөн. Байбичелер чачтарын артына өрүп, күмүштөн, алтындан жасалган кооз чачпактарды таккан. Кыз, келин, аял, байбиче курактарды чач жасалгаларынан айрымалап, ар бир куракта өзүнчө чач өрүмү болгон», - деп билдиришти айымдар.

Ошондой эле, алар учурда чачын жайып жүргөн кыздар көп экендигин белгилешип, илгери күйөсү өлгөн жесирлер гана чачын экиге бөлүшкөндүгүн кошумчалашты.

Назгүл Бабаканова

136

137

135

 Махабат Мусуралиева

127

128

Эркайым Ажыканова

129

133

Назгүл Атагелдиева

132

131

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×