Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 20.08.2015 13:35

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну Б.Мамбеталиев 20 жыл мурун биринчилерден болуп вулканизация ачкан (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Бакытбек Мамбеталиев 1995-жылы биринчилерден болуп, Бишкек-Ош унаа жолунун боюна дөңгөлөк желимдегич, май алмаштыруучу жай ачып, иштетип келүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Б.Мамбеталиевдин айтымында, ал 2009-жылы дөңгөлөк желимдегич жана май алмаштыруучу жайын жакшыртуу максатында, эки кабаттуу имарат куруп, бардык шарттарды түзгөн. Экинчи кабатына өздөрү үчүн эки бөлмөдөн турган, уктоочу жана тамактануучу жай кылган.

«Бүгүнкү күндө жеңил жана жүк ташуучу автоунаалардын баарын тейлейбиз. Дөңгөлөккө байланышкан оңдоо-түзөө кызматтардын баарын көрсөтөбүз. Андан сырткары, май алмаштырабыз. Колумда 2 жумушчум бар, иштеген ишине жараша акы төлөп берем. Көбүнчө жаз айларынан тарта күзгө чейин ишибиз жакшы болот. Май, июндагы киреше булагым 30 миңди түздү. Азыр ишибиз мындан 5 жыл мурункуга салыштырмалуу кирешелүү эмес. Анткени, атаандаштык күчөдү, вулканизация, май алмаштыруучу жайлар көбөйүп кетти», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×