Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 19.08.2015 17:28

Айыл турмушу: Токтогулдун тургуну С.Ибрагимова мөмө жемиштин түрүн сатып, айына 40 миң сом киреше табат (фото)

Turmush -  Токтогул районунун 46 жаштагы тургуну Сайрагүл Ибрагимова мөмө жемиштин түрүн сатып, айына 40 миң сом киреше табат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

С.Ибрагимованын айтымында, ал Токтогулдан малина, карагат, кулпунай, кымыз, сүт азыктарын элдерден сатып алып, кайра Кара-Көл шаарына алып келип, бир аз кымбатыраак сатат.

«Өзүмдүн эжем Токтогулдун Комсомол айылында 2 гектар жерге кулпунай айдаган. Анын суранычы боюнча үй-бүлөм менен терип келип, сатып жатам. Чоң чакадагы кулпунайды 650 сомдон, ал эми кичинекей чакасын 350 сомдон өткөрүп жатам», - дейт ал.

Ал белгилегендей, кесиби боюнча фельдшер, бирок айлык маянанын аздыгына байланыштуу көп жылдардан бери соода менен алектенип, 5 баласын багып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×