Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 19.08.2015 16:39

Айыл турмушу: Токтогулдун тургуну 3 күн жайлоодо түнөп терген тоо карагатын базардан сатып, киреше табат (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Сарык-Ата айылынын 30 жаштагы тургуну Талас Ахматов Шылдырак жайлоосунан 150 килограмм тоо карагатын терип, Кара-Көл шаарынын борбордук базарында сатып, киреше табууда, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Т.Ахматовдун айтымында, алар 5 адам болуп, 3 күндөн бери 150 килограмм карагат теришкен.

«Карагат терүүнүн түйшүгү көп экен.Үч күн жайлоодо түнөп, таң эрте жана кечкисин салкын болгонуна жана күндүзү ысыгына карабай терип келдик. Ошол себептен мээнетибиз акталсын деп, чоң чакадагы карагатты 1400 сомдон, кичинекей чакасын 700 сомдон сатып жатам. Азырынча бир чоң чака карагат саттым. Эртең Токтогулдун базарына алып барам», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×