Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 18.08.2015 14:50

Айыл турмушу: Токтогулдук жубайлар тоодон карагат терип, анын бир чакасын 1200 сомдон сатышат (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Сарык-Ата айылынын тургундары, жубайлар Мирлан менен Жазгүл тоодон карагат терип, Кара-Көлдөн сатып кетишет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жубайлардын айтымында, алар Кара-Суу жайлоосунан 60 кг карагат терип келишип, анын 30 килограммын сатып, анын каражатына кыям жасоо үчүн кум шекер алышат.

«Экөөбүз тең эч жерде иштебейбиз, 5 балабыз бар. Ушундай жол менен кышка карата кыямдын түрүн жасап алабыз. Малинаны дагы тоодон көбүрөк терип, бир бөлүгүн сатып, түшкөн каражатка кыям жасоо үчүн шекер алабыз. Мындан сырткары, корообузда жашылча-жемиштердин түрү көп өсөт, алардан ар кандай салаттарды даярдап алабыз», - дейт Мирлан.

Алар белгилегендей, карагатты тоодон терүүнүн мээнети күч болгондуктан, кичине чакадагы карагатты 650 сомдон, чоң чакасын 1200 сомдон сатышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×