Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу 18.08.2015 11:08

Айыл турмушу: Аксынын тургуну С.Балтабаев насыяга араа станогун сатып алып, ишкердик кылууда (фото)

Turmush -  Аксы районунун Семет айылынын тургуну Сапарбек Балтабаев насыяга араа станогун сатып алып, жеке ишкердигин баштаган, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

С.Балтабаевдин айтымында, ал айыл эли алып келген теректерди тилип берип, акысына 800 сом алат.

«Учурда айыл боюнча жыгач тилген араа станогу эч кимде жок. Күн-түн дебей уулум Алмаз экөөбүз эл кызматындабыз. Өткөн жылы айылдык кеңеш элге кылган эмгегимди баалап, ардак грамота менен сыйлаган. Бизге окшогон ишкерлерге колдоо көрсөтүлсө, айылдагы ишкерлер кичи ишкана, цехтерди ачып, тургундар жумуш менен камсыз болушмак», - дейт С.Балтабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×