Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 18.08.2015 10:36

Айыл турмушу: Токтогул районунун 78 жаштагы тургуну Нуржамал апа өзү топтогон 240 даана китепти неберелерине окуп берүү менен алектенет (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Толук айылынын 78 жаштагы тургуну Нуржамал апа өмүр бою китеп топтоп, үй-бүлөлүк китепкана түзүп алган.  Бул тууралуу анын айылдаштары Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдашты.

Алардын айтымында, Нуржамал апа студент кезинен бери топтогон китептерин эми неберелерине окуп берүү менен алектенет. Учурда ал топтогон китептердин саны 240 даанага жеткен. Өзү тарыхый романдарды кызыгуу менен окуйт.

«Нуржамал апанын китеп текчесинен кыргыздын жана дүйнөлүк жазуучулардын көлөмдүү тарыхый, адабий китептерин кезиктиребиз. Акын Токтогул Сатылгановдун китептеринен ырларды жаттап, айылдагы салтанаттарда обонго салып ырдап калат. Биздин айыл райондон 100 чакырым алыстыкта жайгашкан. Райондун эң алыскы айылы болгондугуна карабастан арабыздан китепке кызыгуу арткан адамдардын чыгышы биз үчүн сыймык», - дешти Толук айылынын тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×