Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 18.08.2015 09:20

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну А.Нурматова кышкыга 180 литр шириндиктин түрүн даярдады (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Айчүрөк Нурматова кышкыга 100 литр компоттун түрүн, 50 литр кыям, 30 литр мөмө ширесин даярдады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Нурматованын айтымында, үй-бүлө мүчөлөрү таттууну абдан жакшы көрүшөт.

«Быйыл багыбыздагы мөмө-жемиш мол болду. Өзгөчө алмурут менен алма шагы ийилип жакшы бышты. Шамаал болгон сайын жерге түшкөн мөмөнү майдалагычтан өткөрүп кыям жасап, күнүнө 1-2 банкадан жасап олтуруп, жалпысынан 100 литрге чейин жасайм», - деди ал.

Ал белгилегендей, мурун кышкыга даярданууда мөмө жемиштерди базардан сатып алчу. Ал эми 3 жылдан бери короодогу жашылча, мөмөдөн жасоону адатка айланткан. Анткени, табигый таза, кошулмасыз экенин айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×