Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 17.08.2015 09:22

Айыл турмушу: Базар-Коргондун тургуну А.Курбанов 2 гектарга ашкабак эгип, андан 600 миң сом киреше табууну пландоодо (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылынын тургуну, жеке ишкер Абыт Курбанов ушул жылы жалпысынан 4 гектарга дарбыз, коон, бадыраң жана ашкабак айдаган, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Курбановдун айтымында, ал 2 гектарга ашкабактын «восьмерка» түрүн эгип, учурда 20 миң даана ашкабак алууну пландоодо.

«Ушул жылы түшүм мол болду. Дарбыз, коондорду сатып бүтүп, учурда ашкабак сатып жатам. Бүгүнкү күндө 10 миң даана ашкабак үзүп, аны Ош-Бишкек унаа жолунун жээгинде 30-35 сомдон сатуудамын. 2 гектарга дыйканчылык кылуу үчүн 60 миң сом сарптагам. Эми анын түшүмүнөн 600 миң сомдой пайда көрүүнү пландап жатам», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×