Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 13.08.2015 11:49

Айыл турмушу: Токтогулдун тургуну «Шамкыкал» кенинен чыккан туздарды сатуу менен киреше табат (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Торкен айылынын Алик аттуу тургуну «Шамкыкал» туз кенинен чыккан туздун 1 килограммын 3 сомдон сатууда, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жергиликтүү тургундун айтымында, учурда тузду айыл эли жайлоодогу малдары үчүн сатып алышууда. Туз сатуунун сезону жаз, күз мезгилине туура келет.

Жергиликтүү керектөөчүлөрдөн сырткары бул тузду Талас, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарына ортомчулар дүң баада сатып алып кетишет.

««Шамшыкал» туз кенинин запасы 40 жылга жете тургандыгы айтылып жүрөт. Бул тузду жергиликтүү ишкерлер казып, элдин
керектөөсү үчүн сатып, киреше таап келишүүдө», - дейт ал.

Мындан тышкары, ал пескоблок чыгаруу менен да алектенет. Пескоблок чыгарган башка цехтерге караганда, айыл тургундары үчүн арзан баада сунуштайт. Ал бир пескоблокту 20 сомдон сатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×