Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 12.08.2015 16:59

Айыл турмушу: Кара-көлдүк Альберт менен Тагай 10 жылдан бери үйлөрдү европалык стилде оңдоп-түзөө менен каражат табышат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын Альберт жана Тагай аттуу тургундары 10 жылдан бери үйлөрдү европалык стилде оңдоп-түзөө менен киреше табышат, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Алардын айтымында, европалык стилде оңдоп-түзөөнү алар Россияда 2005-жылдары иштеп жүргөндө үйрөнүшкөн.

«Экөөбүз тең жогорку билимдүүбүз. Энергетик кесиби боюнча иштөөгө абдан кызыктар элек. Бирок, жумуш таба алган жокпуз», - дейт Альберт.

«Үйдөгү оңдоп-түзөө иштеринин баардыгын жасайбыз. Маселен, көп кабаттуу үйлөрдөгү эки бөлмөлүү батирлерди оңдоп-түзөө үчүн 15 күн сарптайбыз, акысына 50 миң сом алабыз. Ал эми бүтүндөй үйдү толугу менен европалык стилде оңдоп-түзөө кызматы 100 миң сомду түзөт. Акыркы 6 айда 4 үйгө европалык стилде оңдоп-түзөө иштерин жасадык», - деди Тагай.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×