Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.08.2015 13:19

Айыл турмушу: Базар-Коргондун 82 жаштагы тургуну өзү тиккен алма бактан 2 тоннадан түшүм алып, киреше табат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Каба айылынын 82 жаштагы тургуну Тургунбай Өсөров өзү тиккен бактан жылына 2 тонна алма алат.

«Мындан 23 жыл мурун үйдүн короосуна 150 түп бак тиккем», - деп билдирди ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде.

Анын айтымында, бак тиккенден 5-6 жылдан кийин түшүм ала баштаган. Ошондон тартып жылына кеминде 2 тоннадан алма алат. Неберелеринин ар бирине жыл сайын 1-2 каптан алма жөнөтүп, ашканын дүң баада сатат.

«Менин 36 неберем 12 чөбөрөм бар. Лира деген небере кызым алманы абдан жакшы көрөт. Ага жылына 100 килограммга чейин алма жөнөтөм. Неберелерим бул жерге мен үчүн эмес, алма үчүн келсе керек», - деп жылмайды Т.Өсөров.

Азыркы учурда жаштардын көбү жалкоо деп кейиген аксакал: «Союз мезгилинде 65 жыл колхоздо эмгектенип, бир нече сыйлыктарды алдым. 1987-жылы «Эмгектин баатыры» медалы менен сыйландым. Фрунзе колхозунунун өнүгүшүнө кошкон салымым үчүн диплом, Ардак грамота алганмын», - деп башынан өткөргөн көп окуяларын айтып берди.

«1970-жылдан 1982-жылга чейин Фрунзе колхозунун малын жайлоого алып чыгып бактым. Базар-Коргондун тээ алыскы Кызыл-Үңкүргө караган Чоң-Зындан, Кичи-Зындан жайлоолорунда байбичем менен мал бактым. Социалдык фонддун кызматкерлери ошол убакта кылган кызматымды эске алып, учурда пенсияма 1000 сом кошулгандыгын айтышты» - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×