Айыл турмушу: Унаа барбаган Арстанбап шаркыратмасына эс алуучуларды ат менен ташыган жигиттер аттардын санын көбөйтүүнү пландоодо (фото)

Turmush - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап эс алуу жайындагы шаркыратмага унаа жолу жок болгондуктан жөө жетүү кыйын. «Ошондуктан келген эс алуучуларды жана туристтерди ат менен ташуу кызматын ойлоп тапканбыз», - деп билдиришти ат таптап, эл ташыган Шампар Расулов жанан Руслан Шарабидинов Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде.
«Күн сайын унаа токтогон жерден шаркыратмага чейинки 3,5 чакырым аралыкка 2-3 ирет эл ташыйбыз. 1 атты минип барып келген акысына кардардан 400 сом алабыз. Бул кызмат май айынан тартып сентябрь айына чейин уланат. Кызматтан тапкан каражат үй-бүлөлүк тиричиликке жумшалат», - дешет жигиттер.
Жигиттер: «Быйылкы жылы туристтик сезон жакшы болгондуктан аз болсо да акча топтодук. Албетте, атка кам көрүп, жем-чөбүн өз убагында берип турабыз. Келерки жылы аттардын санын көбөйтсөк деген пландарыбыз бар», - деп кошумчалашты.
Эске салсак, Арстанбап эс алуу жайында жайгашкан чоң шаркыратма Арстанбап зоосунун ортосунан чыгып, 80 метр бийиктиктен түшөт. Деңиз деңгээлинен 2 миң метр бийиктикте жайгашкан.