Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 08.08.2015 10:31

Айыл турмушу: 10 жылда 2000 даана тандыр саткан Аксынын тургуну Э.Мамадалиев өнөрүн балдарына үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Жаңгак айылынын тургуну Эмил Мамадалиев 10 жылдан бери тандыр жасап, сатат. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде билдирди.

«Мен тандыр жасоонун сырларын агамдан үйрөнгөм. 10 жылдын ичинде 2000ден ашык тандыр саттым», - дейт айыл тургуну.

Тандырга кызыл топурак керектелгендиктен аны үйүнөн 25 чакырым алыстыктагы Майлуу-Суу шаарчасынан ташып келет. Жергиликтүү айдоочулар жол акысына 1500 сом алышат.

«Тандырды жасоодо эчкинин жүнүн аралаштырса, сапаты мыкты болот. Азыркы убакта эчкинин жүнү жок болгондугуна байланыштуу койдун жүнүн аралаштырууга туура келип жатат. Алгач ылай даярдап алабыз, тыныктыруу үчүн 3 күн коебуз. Антпесе тандыр жарылып кетиши мүмкүн», - деди Э.Мамадалиев.

Сапаттуу жасалган тандырды 10 жылга чейин, орточо сапаттагысын кеминде 3 жылга чейин пайдаланса болот. Учурда бир тандырдын баасы 800 сомго бааланып жатат.

«Менин Дастан, Актан аттуу 2 уулум бар. Учурда алар менин жардамчыларым. Улуу уулум Дастан дагы бир аз убакыттан кийин өз алдынча тандыр жасай алат деп ойлойм. Себеби жетиштүү тажрыйба топтоду. Буга чейин айыл аралап сатчумун, азыр туруктуу кардарларым бар», - деп кошумчалады тандырчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×