Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.08.2015 09:56

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну А.Щербаков өмүр бою белгилүү ГЭСтердин куруучуларынын айдоочусу болуп иштеген (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Александр Щербаков өмүр бою белгилүү ГЭСтердин куруучуларынын айдоочусу болуп иштеген.

Ал Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, алгач Токтогул ГЭСин курган З.Серый менен иштешкен. Андан соң Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Күрп-Сай ГЭСтерин түптөгөн куруучу К.Хуриевдин айдоочусу болуп көп жылдар бою эмгектенген.

А.Щербаков 13 жылдан бери пенсияда. Бош убактысында Бишкектен келген баласын, келинин жана небересин ГЭСтин Токтогул каскадындагы музейге алып барат. Анда ал өткөн күндөрүн эстеп, балдарына Кара-Көл энергетиктердин шаары экендигин, андагы ГЭСтердин тарыхы, аларды курган адамдар жөнүндө айтып берет. Алдыда Токтогул ГЭСинен уруксат алып, жакындарына гидроэлектрстанцияларга экскурсия уюштурууну пландап жаткандыгын айтты.

Ал З.Серый жана К.Хуриевди эскерип: «Ал кез Союз учуру эле. Адамдар дагы башкача болчу. Ал кездеги темирдей тартип, элдин ишке болгон жоопкерчилиги өзгөчө эле. З.Серый менен К.Хуриевдин ишине болгон мамилеси, жоопкерчилиги өзгөчө мактоого татыктуу. Алар талыкпай эмгектенгендиктен Нарын дарыясындагы ГЭСтер курулду. Эл үчүн чыныгы күйгөн адамдар болчу. Алардын ар биринин жеке кулк мүнөзү, адамгерчиликтүүлүгү жогору болчу. Мен ошол адамдар менен иштешкендигиме, алардын айдоочусу болгонума сыймыктанам», - деди Александр мырза.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×