Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 28.07.2015 12:25

Айыл турмушу: Аксынын Итагар жайлоосунан жапайы малина терип, 50 миң сомго чейин киреше тапкандар кечкисин сармерден ойноого чогулууда (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Итагар айылында жапайы малина терүү кызуу жүрүүдө.

Итагар айылынын жайлоолоруна малина тергени келгендер күнүнө 1000 сомдон киреше тапкандан тышкары, кечкисин сармерден оюнун ойноп көңүл ачышат, деп билдирет айыл башчысы Ажыбек Алымкулов Turmush басылмасынын кабарчысына.

Берилген маалыматка ылайык, Итагар жайлоосу жалпысынан 21,5 миң гектар аятты камтыса, анын көпчүлүк бөлүгүн токойлор түзөт. Бул аймакта жапайы малина орто эсеп менен 30 гектар жерде өсөт. Ар кайсы аймакта чачыранды өскөндүктөн малинанын так аянтын эсепке алуу кыйын.

«Талаа өсүмдүктөрү элди жумуш менен камсыз кылып жатат. Жаз мезгили келгенде козу карын теришсе, жайда малина, бүлдүркөн, карагат терүү башталат. Күз мезгилинде жаңгак мөмөлөрү териле баштайт. Айылда биринин артынан бири бышып, аларды терген элдин капчыгына пайда болууда. Азыр малина терүү иштери кызуу жүрүүдө. Орто эсеп менен Итагар жайлоосунан күнүнө 250-300 чака малина терилет. Биздин кошуна жашаган 3-4 айылдын эли дагы бул малинадан терип кетишет», - деди А.Алымкулов.

Айыл башчысынын айтымында, терилген мөмө Аксы, Ала-Бука райондору менен Таш-Көмүр, Шамалды-Сай шаарчаларынын элин камсыз кылат.

«Быйылкы жылы талаада өскөн козу карындан 1 млн сомдун тегерегинде акча каражаты элдин эсебине түштү. Карагат, бүлдүркөн жана башка мөмө-жемиштерден да аз-аздан каражат тапса болот. Эгер жаңгак менен кожогаттын түшүмү мол болсо, айыл элине 15 млн сомдун тегерегинде акча түшөт. Бирок элден эч кандай салык алынбайт. Мындан сырткары, айыл эли шаң-шөөкөткө жакын келишет. Кайгырып капа болууну четке кагышып, жайлоодо жаш кары дебей кечкисин улуттук оюндарды ойноп жатышат», - деп кошумчалады айыл башчы.

«Жайлоого малина тергени келген өзүнчө керемет. Себеби ырдап, бийлеп сармерден, жоолук таштамай, ак чөлмөк сыяктуу оюндар ойнолот. Кыргыздын улуттук оюну болгон сармерденде айыл менен айыл, балдар менен кыздар болуп бөлүнүп алып ойнойбуз. Ортого жарык болуп туруш үчүн от жагылып турат», - дейт малина терип жүргөн Нуртилек Абдимажит уулу.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, малина ден соолукка пайдалуу. Ашказан, баш жана сасык тумоо орууларына көп колдонулат.

Малина тергендердин басымдуу бөлүгү жаштар. Алардын бири 18 жаштагы Арзыкул быйыл жогорку окуу жайдан билим алуу үчүн каражат табуу максатында бул жайлоодо эмгектенип жүрөт.

«Мен жыл сайын малина терем. Үйдө бекер отурган менен пайда жок. Азыр күн сайын терген малинаны сатып, 1000 сомдон акча таап жатам. Бир сезондо бир үй-бүлө 50 миң сомго чейин пайда тапкан учурлар бар. Биздин үй-бүлө жыл сайын орто эсеп менен 30-35 миң сомдун тегерегинде акча табабыз. Мен сыяктуу үй-бүлөсүнө жардам берген балдар көп. Азыр жалпы малина тергендердин саны 300дөн ашуун. Ким аракет кылса, көп малина терип көп акча табат», - деди А.Шеркул уулу.

Итагар аймагы Авлетим айыл өкмөтүнө кирет. Аталган айыл өкмөттүн токой чарба жетекчилиги бул тармактан элге жылына 35 млн сомдун тегерегинде акча түшүп жатканын билдирди.

«Авлетим токой чарбасында Итагар, Авлетим жана Дейрес-Сай токой бөлүмдөрү бар. Жергиликтүүлөр жалпы үй-бүлөлүк кирешенин 75%ын Итагар жана Авлетим токойлорундагы мөмө-жемиштерди терип сатып табышат. Итагар айылында 200гө жакын үй-бүлө бар. Алардын негизги киреше булагы — дыйканчылык, талаачылык жана мал чарбачылык», - деди Авлетим токой чарбасынын директору Замир Батырбеков.

3

2

1

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×