Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 28.07.2015 10:33

Айыл турмушу: Аксы районунун тургундары тоодон кожогат теришип, 1 чакасын 700 сомдон сатышат (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кашка-Суу, Авлетим айыл аймагынын жашоочулары тоодон кожогат теришип, сатыкка алып чыгышат.

Кашка-Суу айыл аймагынын тургуну Бактыкан айымдын айтымында, таң эртеден кечке чейин 6-7 килограммдык чакага толтура кожогат терүүгө болот.

«Тикенектүү болгондуктан колубузду чыканака чейин тилдирип алган учурлар болот. Айыл элинин көпчүлүгү чыккандыктан, тоо койну шаңга бөлөнүп, эс алып да келебиз. Көбүнчө жаш балдарыбыз менен чыгабыз. Анткени, кожогат каптал жерлерде көп өскөндүктөн балдар терип келишет. Учурда 5 килограммдык чакадагы кожогатты 700 сомдон сатып жатабыз. Андан сырткары, 2 чакада бүлдүркөн терип келсек, анын баасы кожогатка караганда 400 сомго кымбат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×