Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 16.06.2015 14:53

Айыл турмушу: Фото - Кара-Көл шаарында 73 жаштагы тургун Т.Бекташов учурда короосун гүлзарлоо менен алек

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы Исанов көчөсүнүн №8 үйүнүн 73 жаштагы тургуну Бекташов Токон 25 жылдан бери ардактуу эс алууда, пенсионер. Кесиби боюнча куруучу, «Гидроспецстрой» уюмунда тоннелдерди куруп иштеген.

Учурда ал короосун байбичеси Ш.Бекташова менен гүлзарлап, жашылчаларды өстүрүү менен алектенет.

Короосундагы жашылчалары чоңоюп калгандыктан, аларды өйдө жипке тартып байлап, аптаптуу жайда тез-тез суугарып, чөбүн отоо менен алек.

«Неберелери келсе үйгө толуп, жашылча жер-жемиш, мөмө-жемиштеринен жеп кетишет. Бадыраң, сабиз, помидор, картөшкөнү базардан сатып албайбыз. Жайы менен тиккен жашылчаларды жеп, табигый таза жашылчалар менен камсызбыз», - дейт Токон ата.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×