Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.06.2015 19:00

Айыл турмушу: Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлик борборунун имаратынын ичи жана сыртында түркүн гүлдөр өстүрүлгөн (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлик борборунун жана ШОАА жана МСЭКБнын имаратынын алды гүлзарлап, түркүн гүлдөр өстүрүлгөн, деп билидрет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, имараттын ичине кирген адамга жагымдуу маанай тартуулаган үй шартындагы гүлдөрү дагы укмуштай гүлдөп турат.

Шаардын элин тейлеген ак халатчан дарыгерлер ооруулууларды дарылап, эшиктеги, бөлмөдөгү гүлдөрдү өстүрүүгө да жетишишет.

Маселен, жугуштуу оорулардын бөлүмү, ден-соолукту чыңдоочу физбөлмөсү, балдар жана төрөт бөлүмдөрүндө да гүлдөр бар.

Ал эми ШОАА жана МСЭКБнын жааматында 25 киши иштесе, 25 кызматкер бул гүлдөрдү көрктөндүрүп, карап, гүлдөтүшкөн.

Өз иштери менен гана чектелбестен, чарба иштери менен да алектенишет. Ал эми бул жааматтын жетекчиси Токторалы Касымбеков бул гүлдөрдүн көчөттөрүн атайын борбордон сатып келген.

ШОАА жана МСЭКБнын башкы дарыгери Т.Касымбеков өзү гүлгө кызыккандыктан, жеке демилгеси менен бул гулзар көрктөндүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×