Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.06.2015 15:40

Айыл турмушу: Оштон чыккан биринчи балдар дарыгери З.Сүйналиева Кара-Көлдө ар түрдүү гүлдөрдү өстүрүү менен алектенет (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Сүйналиева Зулфия быйыл 80 жашка толду. Совет союзу доорунда Ош облусунан чыккан биринчи балдар доктуру болгон, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, ал 1935-жылы 29-августта Өзгөндүн Кызыл-Дыйкан айылында төрөлүп,10-классты аяктаган соң, 1951-жылы Фрунзедеги медициналык институтка тапшырып, аны 1957-жылы бүткөн.

Медициналык институтту бүтөрү менен мурунку Совет, азыркы Кара-Кулжа районуна балдар доктуру кылып жөнөтүшөт. Бир жыл иштеген соң, туулуп өскөн Кызыл-Дыйкан айылына жакындыкта Өзгөнгө которулат. Анткени, ата-энесине жакын болууну каалайт.

1968-жылы майда облустук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн чечими менен Кара-Көл шаарына жолдошу менен которулуп, Кара-Көл жалпы дарыгерлик борборунда балдар доктуру болуп иштеп калат.

Ошол жерде үзүрлүү эмгек артында партияга мүчө болот, 15 жылдай өзү иштеген дарыгерлик борбордо партиялык уюмдун катчысы, 1973-жылы бюро мүчөсү, 8 жылдай шаардык комиссияга мүчө болот. 10 жылдан ашык оорукананын балдар бөлүмүнүн жетектөөчү башкы дарыгери болуп иштейт.
Кийин ден-соолугуна байланыштуу өз арызынын негизинде кеңеш берүүгө өтүп, төрөт бөлүмүндө бөбөктөрдү карап иштейт. 1982-жылдан Ташкенттеги эки айлык курска барып,1989-жылдан неотолог -педиатр болуп иштей баштайт.

1989-жылы катуу оорудан соң иштебей калат. Ушул өрнөктүү эмгек жылдарында көптөгөн партиянын жогорку кеңешинин, облустук саламаттыкты сактоо жана саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ардак грамоталар, орден, медалдар менен сыйланган.

«Окуучулук кезден дарыгер болуу менин максатым эле. Анткени, ата-энемдин мага чейинки балдары токтобой, каза болгон экен. Ошол ата-энемдин көз жашы үчүн дарыгер болууну алдыма максат кылгам.Менден кийин сиңдим бар.16 жашымда медициналык институтка тапшырдым. Экзамендик комиссияга маектешүүгө кирдим, орусчаны билчү эмесмин. Медициналык институтта иштеген Ю.Александровна жана таластык курсташым Печурина Валянын жардамы менен 6 айда орус тилин суудай сүйлөп калдым», - дейт З.Сүйналиева.

«Ушул үйүмө 1970-жылы жолдошум экөөбүз көчүп келдик. Ошол жылдан баштап эшиктин алдында, үйдүн ичинде түрдүү гүлдөрдү өстүрчүмүн. Жумуштан чарчап келгенде кооз гүлдөрүмдү аралап, ырахаттанып, алар менен сүйлөшүп чер жазчымун. Азыр андай гүлдөрүм жок, бирок азырак өстүрөм», - деп кошумчалады ал.

Анын бош убактысы кооз гүлдөрдү өстүрүүгө арналат. Дагы да болсо алар менен сүйлөшөт. 5 баланын энеси, неберелүү. Зулфия Сүйналиева жөнүндө кара-көлдүк улуу жана орто муун жакшы ой-пикирлерди айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×