Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.06.2015 17:59

Айыл турмушу: Кара-Көл шаарынын тургуну Евгений турмушка керектелген жашылчанын түрүн өстүрүү менен бал челек кармайт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын Пойма бөлүгүнүн №3/2 үйүнүн тургуну Самсонов Евгений короосунда карагат өстүрөт. Карагаттын кара түрүнөн 20 түп, кызылынан 5 түп.

Мындан сырткары, кулпунай, малина, кабачок, бадыраң, картошка, чеснок өңдүү күнүмдүк турмушка керектелген жашылчанын түрү өсөт. Евгений 52 жашта, кесиби электрон-монтажник, ооганчы.

Анын айтуусунда, карагат суук тийгенге абдан жакшы даары, кышкысын ушул короосунан эле варение жасап алышат. «Келинчегим буларды абдан жакшы карайт. Малинадан дагы варенье жасайбыз», - дейт ал.

Кичинекей короосунда баары бар. Узундугу 20, туурасы 6 метр келген короону ирээти менен тыкан кармайт. 5 даана бал аарынын бөлүнгөн кичинекей жаш аарылардан турган ящиктери да бар. Алар жаңыдан жашоого көнүп, бал топтогонго кынык алып келе жатышкан экен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×