Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.06.2015 10:39

Айыл турмушу: Кара-Көл шаарында Союз мезгилинен кийин таштандыга толгон жер эс алуучу жайга айланды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында көп жылдардан бери ишкердик менен алектенип келген жергиликтүү тургун Бакиров Тыныбек Союз мезгилинен кийин каралбай калган Торгго тиешелүү, көп жылдар бою таштанды болуп жаткан жерди тазалап, эс алып тамактануучу жайына айланткан.

Торг бул - Союз мезгилинде азык-түлүктүн бардыгын кабыл алуучу мекеме болгон. Андан шаардын дүкөндөрүнө таркатылчу.

Тыныбектин айтымында, бул жайды курууга 500 миң сомдон ашык акча каражат сарпталган. Тыныбек мырза өз сөзүндө, бул жер таштандыга толгон жер экенин айтат. «Ошол 10догон жылдар бою баткакка айланган жерди тазалоо оор болду. 2 ай тазалоо иштери жүрдү. Ар бир нерсени сатып алдым, жумушчуларга айлык төлөдүм, ошентип акча каражат көп эле кетти. Учурда 5 адам иштейбиз. Эки официант кыз, шашлык бышырган бир жумушчу, анан мен, аялым менен. Кирешебиз күнүмдүк жашоого жетет. Кардарлар спорт оюндарын көргөнү келишет. Көбүнчө футбол оюндарын көрсөтөбүз. Кээде адам келбей калган учурлар болот. Мындан башка жумушум жок. Чет жерге иштегенге барайын десем 50 жаштамын. Жаш болсом да бир жөн дегендей, ден соолук дагы ал жакка барганга мүмкүнчүлүк бербейт», - деген оюн айтты ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×