Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 28.05.2015 12:00

Айыл турмушу: Фото - Ала-букалык мугалим үй-бүлөлүк кирешесин устачылык өнөрү менен да толтуруп келет

Turmush -  Ала-Бука районунун Ак-Там айылынын тургуну Эргешбай Сайитов 15 жылдан бери жыгачтан буюм-тайымдарды жасап келет. Акыркы 3 жылдан бери жасалган буюмдарын атайын район аймагындагы базарга алып чыгып сатууну да колго алган.

Каарманыбыз негизинен райондогу Низамидин Бекмаматов атындагы орто мектепке мугалим болуп иштеп келет. Ал жыгач буюмдарын жасоого кызыгып олтуруп, өз алдынча үйрөнүп алган. Түшкө чейинки убактысын балдарга билим берүүгө жумшаса, түштөн кийинки убактысын жыгач буюмдарын жасоого жушайт.

Ал бул өнөрчүлүктү колго алгандан бери элдин суроо талабы менен 60тан ашуун өрүк комуз, 50дөн ашуун чөмүч чапкан. Ошондой эле, 200дөн ашуун кашык, 150дөн ашуун вилка, мындан сырткары эстелик үчүн сувенирлерди, тарак да жасап келет.

«Алгач кызым музыка мектебине барып калгандыктан, ага комуз алып бериш керек болуп калды. Анан өзүмчө кызыгып өрүктөн комуз чаап көрдүм, мээнетим теке кетпеди. Ошондон тартып комуз чабууну баштадым. Андан кийин эр чабууга өттүм. Мага биринчи жолу чөмүчкө буйрутма түштү. Жасап көрдүм аябай жакшы чыкты. Негизинен элдин суроо талабына карап жасайм», - дейт ал.

Жасалган буюмдары 150 сомдон 300 сомго чейин турат, ал эми комузду 4-5 миң сомго чабат. Мисалы кашыктар 150-250 сомго чейин, чөмүчтөр 400 сомдон 3000 сомго чейин деп баасын чегерип койгон. «Мугалимдик кесип менен үй-бүлө багуу кыйын, ошондуктан устачылыкты да аркалоого туура келип жатат», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×