Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 12.05.2015 13:04

Айыл турмушу: Көзү азиз балдар үчүн ЖОЖдордо окуусуна шарт эмес, шанс берүүсү керек, - көзү азиз майып Ж.Абдувалиев (фото)

Turmush -  Арабызда жарыктыктын жашоо шооласын көрүүнү көксөгөн менен көрө албай, жан дүйнөсү аркылуу гана сезип туюп жашап келе жаткан жарандарыбыз бар. Мындай тагдырды кечирген жарандардын дээрлиги коомдон четтеп, өз мүмкүнчүлүктөрүн да чектеп алышат.

Ал эми Сузак районунун Багыш айылынын тургуну Жалалдин Абдувалиев жашоого оптимисттик көз караш менен карап, алдыга умтулуп, жашоосун өзгөрткүсү келет. «Көзү азиздер мага окшоп коомдук жайларда көп жүрсүн, мен аларга мисал болоюн деп» көчөдө көп жүрөт, базар аралайт, эс алуучу парктарга барат.

Көзү азиздер үчүн ыңгайлаштырылган программа аркылуу интернетке кирет. Анын эркин басуусуна ала таякчасы чоң жардамга келет. Анткени, 2-3 шак мурун таякчанын жардамы менен кандай жолдо бара жатканын аңдай алат. Азыркы тапта болсо Америка өлкөсүн көрүүнү максаттап, англис тилин үйрөнүп жатат. Анын бир көзү көрчү, бирок 2011-жылы кырсыкка учурап, көрбөй калган.

Болгону күн менен түндү ажырата алат. Айтымында, көзү азиз балдардын мүмкүнчүлүктөрүн коомчулуктан да, ата-энелери чектеп жатышат.

«Балам сен кылба деп олтурушуп, таптакыр жумуш жасатышпайт, сыртка эркин чыгарышпайт. Аста бол, секин бас деп аяп олтурушуп, коомдон бөлүп, мүмкүнчүлүктөрүн чектеп коюп жатышат. Ата-эне баласын жыгылат деп кооптонушат, бирок аяп олтурушуп бала бирөөнүн жардамына муктаж жаранга айлантып коюп жатышат. Бул эң жаман адат, алар да өз жашоолору үчүн күрөшүүнү үйрөнүүлөрү керек», - деген пикирин ортого салды.

Ошондой эле, ал жарандардын жасаган мамилелерине да нааразы болду: «Жол чырактын жанында туруп калсаң, сүйлөшүп жаткан жарандар сөзүн тык токтотушат да байкуш үйүнө кантип кетет экен дешип сен жөнүндө сүйлөшө башташат. Боор оорушуп, аяр мамиле жасашат. Мындай мамиле биздин мүмкүнчүлүгүбүздү ансайын чектеп, көңүлүбүздү оорутат. Жөнөкөй алты саны аман жаран катары баарлашып, мамиле жасаса өзүндү эркин сезип каласың. Мен айтаарым өзү жалгыз жол чырактын жанына келген адам, үйүнө кете алат. Ага жарандардын боору оорубай эле койсун. Биздин көзүбүз гана көрбөгөнү эле болбосо, кулагыбыз угат, алты саныбыз аман», - деп кошумчалады.

Жалалдин көзү азиз балдар үчүн ЖОЖдордо окуусуна шарт түзүп бербестен биринчи шанс берүү керектигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×