Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 08.05.2015 13:50

Айыл турмушу: Сузактык ардагер Умар Арыкбаев Сталиндин колу коюлуп, мөөрү басылган Ардак баракчасына ээ болгон (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жашап өткөн Умар Арыкбаев деген Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери убагында Сталиндин колу коюлуп, мөөрү басылган Ардак баракчасына ээ болгон .

Умар Арыкбаев 1921-жылы 15-февралда Сузак районунун Багыш айылдык кеңешинде жарык дүйнөгө келген. Мектептен 7-классты бүтүрүп, колхоздо учетчик-табелчи, айылдык Советтин катчысы болуп иштеген.

Улуу Ата Мекендик согушка 1942-жылдын март айында жөнөгөн. Аларды Алма-Атадагы 147 кавалерский полкто 3 ай согуш тактикасын окуткан.

Андан кийин, июнь айында Сталинградка алып кетишкен. Саратовдо Волга боюнда 2 ай болушкан. 1942-жылдын ноябрь айында 102 аткычтар полкунда пулеметчу болгон.17-18-ноябрда согушка катышып, оор жарадар контузия болуп Воронеждеги Калач шаарындагы госпиталда 2 ай даарыланган. Жаратынан сакайган соң Москвага барып, 1943-жылдын февралында 50 мотострелковый полк уюштурулуп, 3 танковый армияга генерал Рыбалконун жететкчилигинде согушкан.

Воронежден баштап Украинанын Киев, Львов шаарларын бошотууга катышып Берлин, Дрезден, Прага шаарларындагы айыгышкан катуу согушта жеңишке жетишишкен. Ал эми 1945-жылдын май айынан Австриянын Вена шаарында согушуп 1946-жылдын май айына чейин Дунай дарыясынын жээгинде кызмат өтөгөн. 1946-жылы майда согуштан кайткан.

Согуштун катышуучусу У.Арыкбаев 1942-1946-жылдары согушта баатырдык көрсөткөндүгү үчүн 1 жана 2-даражадагы «Данк» ордени менен сыйланган. Андан сырткары, Сталингардды, Берлинди, Праганы бошоткондугу үчүн медалдарын согуш учурунда алган. Айыгышкан катуу салгылашууларда көрсөткөн баатырдыгы үчүн Советтер Союзунун Маршалы Сталиндин колу коюлуп, мөөрү басылган Ардак баракчасы берилген. Кийинчерээк Жеңиштин 20,30,40 юбилейлеринде медалдар менен сыйланган.

Согуштан кайтып келегенден кийин, согушта бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүүдө талыкпай үзүрлүү эмгектенип, айылдык кенештин катчысы, эсепчиси болуп иштеп турган. Кийинчерээк суу техниги кызматын аркалап жүрүп, 1981-жылы пенсияга чыккан. Элге жасаган эмгеги эске алынып «Эмгектин ветераны» ордени жана «Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагери» төш белгисин алууга татыган.

Согуш арадгери Умар Арыкбаев 1988-жылы 20-24-августта Харьков шаарында 3-гвардиялык танковый Армиянын ветерандары менен жолугушууга барып, 1942-1945-жылдары согуштан бошотушкан поселоктордо окуучулар менен жолугушууга барган. Россиянын тарыхынын жаңы топтомуна алардын кажыбас кайраты, көрөсөткөн баатырдыгы тууралуу жаңы маалыматтарды берип келишкен.

Улуу Ата Мекендик согуштун 45 жылдыгында Москва шаарындагы Кызыл Аянтта аскердик парадка катышуу үчүн чакыруу алып келген бирок, ал жеңиштин 45 жылдыгына 1 ай 27 күн калганда, 12-март 1990-жылы айыкпас дартынын айынан о дүйнө салып кете берген.

Учурда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, эмгектин ветераны Умар Арыкбаев жашаган Тайгараев айылдык кеңешинин Котур–Каман көчөсүндө ардагердин балдары неберелери жашап турушат.

«Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдык маарекесинин алдында атамдын Мекенине өтөгөн кызматын эскерип майрамы менен куттуктап келем. Балдары атам өткөндөн бери ар жылы 9-май Жеңиш күнүндө мүрзөсүндө гүл десте коюп эскерүү минутуларын өткөрүү менен куран түшүрүп турабыз. Мына быйыл да 70 жылдык майрамды өзгөчө өткөрүү үчүн 5 кыз, 5 уулу, 49 небере, 76 чебере жана 2 кыбырасы топтолуп куран түшүрүп эстелигине гүл чамбар коёбуз», - дейт кызы, санэпид көзөмөл борборунун иммунолог даарыгери Алия Арыкбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×