Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 07.05.2015 11:55

Айыл турмушу: Мен согушта каза болгон агамдын досуна турмушка чыгып, аны менен 57 жыл бир туугандай жашадым, - ардагер Т.Бекташова (фото)

Turmush -  Бекташова Токтокан 1929-жылы 10-январда Жаңы-Жол районунун Тегене айыл өкмөтүндө жарык дүйнөгө келген. Согуш учурунда 13-14 жашар кыз болгон. Тылда эмгектенген.

«Менин атам айыл өкмөтүнүн башчысы болчу. Согуш учурунда тылдагылар айыл өкмөттүн аялы менен кызы ишке чыкмайынча, биз иштебейбиз деп атандашаар эле. Анан эрте менки саат 7де кыргызча тиккен баштыгыбызга бир нан менен айран алып, кетменди ийинге салып, талаага чабыкка кетебиз. Эртеден кечкээ иштейбиз, ошол жерден түштөнөбүз. Ар бирибизге 15 сотыхдан жер бөлүп берет, ошону эртеден кечкээ чаап, бүтүрүп, бүтпөй калгандарга жардамдашып бүтүрөбүз. Анан буудай орук башталганда, аны оруп, кырманга ташыйбыз, түнкүсүн кырманды малдан коруп, бала-кыз, кемпир, жеңелер болуп аралашып жатып калабыз. Ошол кезде ыйман бар экен, эркек балдар бизге тийчү эмес», - дейт ал.

Токтокан апа белгилегендей, ал ачкачылыкты билбей калды. Анткени атасы айыл өкмөтү болуп иштеп, оокат ашка тың киши болгон. «Бир жолу бирөөнүн үйүнө барсам, «көчө» деген тамак ич деди. Ичсем башкача, үйгө келип апамдан сурасам ал чырыштын тамырын кайнатып, айранга катыктап койгон, эл ачка, ачкачылык болуп жатат, деди. Кээ бирлер «алгы» өсүмдүгүн казып алып, майдалап ташка сүрүп, сууга тундура тазалап, атала кылып ичишкендерин көргөм», - деп эскерет Токтокан апа.

Быйыл Токтокан апанын өмүрүнүн 86-жазы. Жолдошу Бакешов Акматалы согуштун ардагери болгон. 2005-жылы дүйнө салган. Жолдошу жөнүндө: «Менин бир тууганым менен фронтто бирге болгон. Бирок бир тууганым согуштан кайтпай, душман талаасында, баатырларча курман болгон. Жолдошум согуштан 1945-жылы кайтып келди. Мага баш кошуп жатканда, «сенин бир тууганың менен бирге болгом, ал менин досум эле. Эми мен сага бир тууган болом, сени бир тууганымдай көрөм», деп сөз берген. Экөөбүз 57 жыл бирге жашадык, кол көтөрүп мага тике сүйлөгөн жок», - деп жолдошу жөнүндө жакшы сөздөрдү айтты.

Өмүр бою Токтокан апанын жолдошу эл кызматында жүрүптүр. Апа дагы кызматчынын аялындай болуп үйдө олтурбай, 9 баланы чоңойтуп, мейманканада иштеп, андан соң шаардын көрктөндүрүү тармагында арык чаап, дарак тигип иштеп жүрүп, пенсияга чыккан. Бүгүнкү күндө 26 небереси, 16 чеберелүү.

Майрам алдында бардык өлкө элин куттуктап, дүйнөдө согуш болбой, заман тынч болушун, токчулук, молчулук ыроолошун каалайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×