Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 06.05.2015 12:21

Айыл турмушу: Токтогулдун уз чеберлери кийизден кыздардын сөйкөсүн, шуруларын жасап, интернет аркылуу сатып башташты (фото)

Turmush -  Токтогул районундагы уз чеберлер кийизден кыздардын сөйкөсүн жана шуруларын жасап, интернет аркылуу сатууга чыгара баштады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Уз чебер Уулкан Мамбеткунованын айтымында, райондогу 30га чукул аялдын башы биригип, атайын «Самсары» кооперативи түзүлгөн.

Мында чеберлер кийизден буюм тайымдарды тигип, чеберчилик менен алектенип келишет. Алар негизинен улуттун унутта калып бара жаткан буюмдарын да жаңыртып тигип келишет.

«Ар бир улуттун өзүнүнүн улуулугу болот. Биз дал ошол ата-бабаларыбыз колдонуп келген буюмдарды азыркы заманга ылайыкташтырып жасоодобуз. Биз негизинен кийизден жасалуучу буюмдарга басым жасайбыз. Кийизден жасалган сөйкө, шуруларга кардарлар көп болгондуктан, шуруларды жасоого күч жумшап жатабыз. Интернетке да койдургандыктан көбүрөөк сатыла баштады. Бирок, калган буюмдарыбызды сатууда кыйынчылык бар. Баарыбыз балдарыбызды багуу үчүн азык-түлүк алганга болсо да, каражат чыгып калсын деп иштейбиз», - дейт У.Мамбеткунова.

Ал белгилегендей, уз чебердердин башын бириктирген атайын «Самсары» 2004-жылы түзүлгөн. Уз чеберлер азыркы тапта жаш кыздарга өз тажрыйбаларын бөлүшүп, үйрөтүп жатышат.

21

23

24

25

26

28

29

30

31

33

34

32

27

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×