Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.05.2015 11:25

Айыл турмушу: Жеке ишкер Жылдыз Ош-Бишкек унаа жолунун боюнда жарма сатып, бир сезондо 100 миң сом киреше табат (фото)

Turmush -  Жеке ишкер Жылдыз айым буудай жарма жасап, Ош-Бишкек унаа жолунун боюнда ары-бери өткөн кардарларга сатуу менен алектенип келет. Бул жай 15 жылдан бери иштеп келет.

Жылдыз айым бул жеке бизнеси жөнүндө төмөндөгүдөй маалымат берди: «Азыр жашым 36да. Келин болуп келгенден тартып, ушул жерде сезон убагында иштеп келем. Майдан баштап сентябрга чейин жолдошум экөөбүз ушул жерде иштейбиз. 6 балам бар, тапкан пайдабыз күнүмдүк тамакка кетет. Бир сезондо 100 миң сомдон ашык акча таап алабыз. Буудайды базардан сатып алып, кууруп талкан кылабыз. Сүзмөсүн базардан сатып алабыз. Өтө күн ысыкта ары-бери өткөн унаалар көп токтойт. Эл дагы көп болот. Ичкени ичип, куюп кеткени дагы жок эмес», - деди.

Максымдын бир чынысы 20 сом турат. Жайдын аптаптуу күндөрүндө 200 литрге чейин очокто кайнатышат. Жок дегенде 100дөн ашык адам ичип турат күнүнө. Быйылкы сезон апрелдин башынан баштап ачыла баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×