Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 21.04.2015 14:59

Айыл турмушу: Кара-Көлдөгү «Жаш-Кыял» бий ансамблинин филиалында 40 бийчи кыз тарбияланат (фото)

Turmush -  «Жаш-Кыял» бий ансамблинин Кара-Көл шаарындагы филиалы, маданият үйүндө жайгашып, анда 40 бийчи кыз тарбияланат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, алар шаарда кандай гана иш чара өтпөсүн, баардыгына катшып турушат. Алар көбүнчө кыргыз бийлерине жана башка улуттун элдик бийлерине басым жасашат.

Ансамблдин негиздөөчүлөрү Чилетиров Жаныбек жана Чилетирова Анара.

Топтогу жалпы 40 бийчи кыздын ичинен 10ну бийди бекер үйрөнүшсө, калган 30у айына 300 сомдон төлөп окушат.

«Былтыр 26-мартта отчеттук концертин беришкен.-Учурда кыздарды үч топко, кичинекей, орто,чоң деп бөлүп алып, бий үйрөтөбүз.Чоңдор көбүнчө кечкисин бий үйрөнүүгө келишет.Баардык шарттарды Жаныбек менен Анара эже түзүшкөн. Былтыртан баштап, «Жаш -Кыял» бий тобу түзүлүп, декабрга чейин негиздөөчүлөр сабак өтүштү», - дейт топтун көркөм жетекчиси Айпери Култаева.

«Мен үй-бүлөм, эки балам бар. Бий боюнча эки сертификатка ээ болгом», - деп кошумчалады ал.

70

737675

83

77

76

68

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×