Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.04.2015 13:45

Фото - Кара-Көл шаарынын тургуну Луиза колго аземделген чач бастыргыч жасап сатуу менен киреше табат

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну, учурда Бишкек шаарында жашап жаткан Луиза Жороева аземделген чач бастыргыч (ободок)жасоо өнөрүн мыкты өздөштүргөн.

Луиза бул өнөрдүөзүнүн кызыгуусу менен интернеттен үйрөнгөн. Биринчи жасаган чач бастыргычын 500 сомго саткан. Кичинекейинде фото модель болууну кыялданчу. Жашы 27де, эки баласы бар. Жолдошу болсо жеке ишкер.

Луиза бул буюмдарды оюнан чынарып, өзүнүн фантазиясына жараша жасайт. Көбүнчө кечинде балдары уктагандан соң олтуруп жасаганды жактырат. Бүгүнкү күндөбуйрутмаларды көп алып, ар кандай кардарлар менен иштешет.

Ободоктордун баасы жасалган материалдын кымбат, арзанына байланыштуу ар кандай. Табигый таштардан же бисерлерден, мончоктордон жасайт. Айына орточо 10 миң сом пайда таап алат. «Сөйкө, билерик (браслет) дагы жасай баштадым», - дейт Луиза. Мындан ары колье жасаганды дагы кыялданып жүргөнүн жашырган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×