Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.03.2015 11:47

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну Г.Кабыланбеков «картинг- багги» машиналарын айдоону үйрөнүү боюнча сабактарын ачты (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын спорттук техникалык клубу тарабынан 28-мартта мурунку эски аэропорттун айланасындагы жерде «Картинг- багги» аттракциондук машиналарын айдоо жана үйрөнүү сабактары башталды, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, мындан ары жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүлүп турат. Айдоо баасы бир айлануу үчүн 50 сомду түзөт.

«Бул сабакты өтүүнүн максаты келечек муундарды спортко кызыктыруу. Аларды жаштайынан автоунааны туура, эрежеси менен айдоого каныктыруу болуп эсептелинет. Анткени, азыр жол кырсыктары көп болууда. Экинчи жагынан шаардык споттук клубдун эски имаратын оңдоо - түзөө иштери жүрүп жатат, кошумча каражат таап, имаратты мурдагы калыпка келтирип, өнүктүрүү болуп эсептелинет», - деп билдирди спорттук техникалык клубунун башчысы Г.Кабыланбеков.

Бул атракциондук машиналарга 5 ай мурун заказ берилген.Жакында Казахстандан алдырылып, бирөөнүн баасы 500 долларды түзгөн. Г.Кабыланбеков мунун баарын өз чөнтөгүнөн төлөгөн.

«Бүгүн жамгырлуу аба-ырайына байланыштуу, Картинг-баггини үйрөнүү сабагына келгендер аз болду. Мындан ары көп бодот деген ойдобуз», - деп кошумчалады ал.

181719

20

21

22

23

25

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×