Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 18.03.2015 18:22

Айыл турмушу: Улуу Ата Мекендик согушка үч жолу кирген ноокендик карыянын 9 баласы, 33 небереси жана 48 чебереси бар

Turmush -  Азыр бактылуу карылыктын доорун сүрүп, Ноокен районундагы Кара-Булак айылында балдары, небере-чеберелери менен аман-эсен жашап жүргөн Казак Төрөгелдиевге согуштун капшабы катуу тийген. Ошондуктан жыл сайын жай айларында Бишкекке барып, улуттук госпиталга жатып, дарыланып турат.

Ал Дүйнөлүк Экинчи Согуш башталганга чейин 1922-жылы Майлуу-Суу өрөөнүндө төрөлүп, он эки жашында ата-эне, ага-туугандары менен туш-тарабын адыр курчаган, жогоруда аты аталган кыштакка көчүп келишет. 1936-жылы райондогу «Коминтерн» айлындагы мектептин биринчи классына окууга кирет. Бирок, анын төртүнчү классын бүтөөр замат он сегиз жашында өз ыктыяры менен аскерге аттанат. Аңгыча болбой, дүйнөгө үстөмдүк кылууну самаган фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салат. Ал кезде К.Төрөгелдиев башка жоокерлер менен бирге Москва шаарындагы аскердик бөлүктөрдүн биринде машыгуудан өткөндөн кийин Украиналык фронтко жөнөтүлөт да, адегенде Украинанын Орловка калаасы үчүн болуп жаткан айыгышкан салгылашка катышат. Ал майданда жарылган бомбанын чачыранды сыныктары (осколкасы) буту менен жамбашына тийип, катуу жарадар болуп, аскердик госпиталга түшөт.

Мындай тагдырды ал кулагы сак кезинде балдарына айтып берген. Райондогу Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы, депутат Муктар Төрөгелдиев атасынан жазып алган эскерүүлөрүнө караганда, Казак карыя жаратынан айыккандан кийин кайрадан согушка кирген. Ошентип ал Дүйнөлүк Экинчи Согуштун убагында советтик аймакты фашисттик баскынчылардан коргоо үчүн удаасы менен үч ирет кан суудай аккан алааматка кирип, үч ирет оор жараат алган.

«Ошо маалда Брянск областында да өтө чыңалган кармаш жүрүп жаткан экен. Биз да ошол отко кирдик. 1942-жылдын кыш айында сол колума автоматтын огу тийип, чыканак сөөгүмдү талкалап кетти. Кайра дагы госпиталга жатууга туура келди. Ошо кездеги аскер врачтары менен медициналык кызматкер аялдарга аябай ыраазымын. Анткени, мени да, мен сыяктуу душмандын огунан ар кандай деңгээлде жарадар болгон бөлөк куралдаштарымды кабыл алышып, жаныбыздан карыш жылбай, дарылап, айыктырып турушту. Советтер Союзун коргоого чакыртылып, бирок, кан күйгөн казатта ок тийип, жарадар болгон нечендеген эр-азаматты сакайтып, өмүрүн улашты. Алардын катарында мен да болдум. Айыккандан кийин кайра, үчүнчү жолу согушка кирдим. 1944-жылы Белоруссиянын Брест шаары үчүн салгылашууда дагы оор жарадар болуп, эс-учумдан таныптырмын. Кыйла күн өзүмдү билбей, госпиталда доктурлардын кароосунда жатыптырмын. Эсиме келгенимден кийин аскер дарыгерлери экинчи жолу ок тийгенде, колумдун ириңдеп кеткендигин айтышты. Аны операция кылышты. Ошол жерде «Эрдиги үчүн» орденин беришти. Аскердик комиссия ден-соолугумдун ал-акыбалын текшерип көрүшүп, «контузия алган, комиссовать!» – деп, чечим чыгарышты да, үйүмө жөнөтүштү. Кийин «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйлашты» – деп, ал фронтто башынан өткөргөн окуялары тууралу Жалал-Абад областтык айылдык кеңеш берүү кызматынын кеңешчиси болуп иштеп жаткан уулу Муктарга баяндап берген.

Казак Төрөгелдиев аксакал учурда 93 жашта. Фронтто көрсөткөн эрдиктери үчүн башта айтылган эки орденден сырткары күжүрмөн 18 медаль менен да сыйланган. Нечен ирет оор жарадар болгонуна карабай, алты саны аман адамдан калышпай, согуштан келгенден кийин чарбанын жумушуна жең түрүнө киришти. Тагыраак айтканда, 1944-жылдан тартып, 1978-жылга чейин мурдагы Ленин районундагы «Коминтерн» колхозунда адегенде эсепчи, анан тоют бригадири болуп эмгектенет. Өзү жашаган Кара-Булак айылы малга жайлуу. Колхоздун коомдук малы үчүн тоют ушул айылдын адырларынан чабылып алынчу. Чарбанын мал-кой, жылкысы да ушул жактагы кыштоолордо кыштатылаар эле. Андан кийин жылкы фермасынын башчысы кызматына дайындалганда, кулун алуу, кымыз даярдоо, эт өндүрүү боюнча коюлган пландарды ашыгы менен аткарып турган. 1979-жылы кайра тоют бригадири болуп иштейт да, арадан эки жылдан кийин ардактуу эс алууга чыгат.

Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу Казак Төрөгелдиев карыя өмүрлүк жубайы менен бирге 9 уул-кызды тарбиялап өстүрдү. Балдары да согуш менен жеңиштин каарманы болгон аксакалдын өзүн тартып, узун бой, кең далы, алыбеттүү жана күчтүү. Тун уулу Акы Бишкектеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетин ийгиликтүү аяктагандан кийин өзү туулуп-өскөн айылдагы орто мектепти кыйла жыл башкарып, окуучуларга билим-тарбия берди. Ал учурда пенсияда. Муктар болсо, ата-энеси өмүр бою иштеп, агарып-көгөргөн өз колхозунда чарба жоюлгуча бир нече жыл башкы агроном кызматын аткарды. К. Төрөгелдиев карыянын ушу тапта 33 небереси жана 48 чебереси бар. Ал он беш миңден ашуун адам жашаган Ноокен айыл өкмөтүндөгү Дүйнөлүк Экинчи Согуштун катышуучусунун бири.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×