Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 16.02.2015 15:46

Айыл турмушу: Ноокенде 12 жана 13 бир туугандуу үй-бүлөлөрдөн чыккан кыргыз жигити менен араб кызы баш кошкон, алар да 10 балалуу болууну эңсешет

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кыргыз жигити менен араб кызы баш кошуп, 2 уулдуу болушкан.

Үйдүн кожоюну Самат Топоевдин айтымында, жаш үй-бүлөгө эч ким тоскоол болгон эмес. Шаардан табышкандан кийин бир жыл өтпөй баш кошушкан.

«Биз тагдырдын буйругу менен табышып калдык. Анда мен Жалал-Абад шаарында иштечүмүн. Жубайым окуп жүрчү экен. Ошол жерден табышып калдык. 2010-жылы табышканбыз. Бир жылга чукул сүйлөшүп жүрдүк. Мен ата-энеме айттым. Алар макул болгон соң келинчегимдин колун сурадым. Жубайымдын ата-энеси дагы макул болуп, 2011-жылы баш коштук», - дейт Самат Топоев.

Жаш үй-бүлөнүн күткөн мал-жандыгы деле жок. Бирок, үй кожоюну катары Самат шаарда иштеп бала-чакасын багат. Ал эми жубайы Сажида Мырзалимова эки баласын карап үй кожойкеси.

Араб кызы болсо да кыргыздын урпагын улап жатканына өкүнбөй жашаганын айтат Сажида Мырзалимова.

«Мен өзүм Ноокен районундагы араб улутунун кызымын. Мектепти аяктагандан кийин Жалал-Абад шаарына билим алганы барып, Самат менен ошол жактан танышкам. Мына азыр жакшы жашап жатабыз. Мен араб кызы болсом да кыргыздын урпагын улап жатканыма өкүнбөйм. Адам баласы кай жерде болбосун бактылуу болуш керек.

Мени Саматтын ата-энеси дагы жакшы кабыл алган. Менин тууган журтум дагы Саматка жакшы мамиле жасашат. Биз табышкандан бери кыргыз-араб деп урушкан эмеспиз. Мына азыр эки балабыз бар. Мен балдарымды «кыргызмын» деп айткыла деп тарбиялап келе жатам. Эң негизгиси кайсыл жерде болбойлу бактылуу болушка аракет жасап жашап келе жатабыз. Күйөөм бир үйдүн эң кичүү уулу. Бирок бул жакка келип жашап калган. Тогуз-Торо районунун шарты катаал болгондуктан көчүп келген», - дейт Сажида.

«Мен бир үйдүн эң кичүүсүмүн. Менин 11 бир тууганым бар. 7 уул, 5 кыз. Азыркы күндө баардыгы үй-бүлөлүү. Мен салт боюнча ата-энемди карап отурушум керек эле. Бирок шартка байланыштуу ушул жакта жашап жатам. Мен Жалал-Абад шаарында темир жүктөп иштейм. Акча болгондо жер алып койгон элем. Ошол жерди куру койбоюн деп үй салып жатам», - дейт Самат Топоев.

Бул үй-бүлө азыркы күндө Ноокен районунун Сары-Сыя айылында турушат. Айыл жерине келип үй түптөшүп, түтүн буулатып жаткан учуру. Нуралы Алинур аттуу эки уулу бар.

«Мен азыр кайин-журтум жакта жашап жатам. Бирок бул жерде жашап жатканыма ыраазымын. Бирок ат айланып казыгын табат деген сөз бар. Мен ата-мекениме кетип калышым мүмкүн. Ар кимдин туулган жери бар. Туулган жеримди сагынам. Азыр бул жерге үй салып, бак дарак өстүрүп койсом балдарым жашайм дегени жашай берет. Мен бир үйдүн эң кичүүсү болгондуктан ата-энемди карашым керек. Жакынкы жылдарда кетпесем да кайсы бир убактар келгенде туулган жериме кайтып кетишим мүмкүн», - дейт ал.

Самат менен Сажида дагы 10 балалуу болсок деп кыялданышат.

«Бидин азыр эки балабыз бар. Нуралы жана Алинур. Бул балдар бири 4 жашка келип калды, экинчиси 2 жашта. Биздин дагы 10 балалуу болгубуз келет. Мен 12 бир тууганмын, ал эми келинчегим да 13 бир тууган экен. Эки тарап тең көп бир туугандар. Менин балдарымда көп болсо деп кыялданчумун. Жубайым дагы көп балалуу болууну эңсечү экен. Бардык нерсе жараткандын буйругу менен болот. Келечекте көп балалуу болсок деген үмүттөр бар», - дейт жаш үй-бүлө.

Самат Топоев азыр 29 жашта. Жубайы Сажида 27 жашта.

Ноокен районунда миңден ашуун араб улутундагы калк жашайт.

IMG-20150216-WA0088

IMG-20150216-WA0092

IMG-20150216-WA0089

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×