Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ноокен райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору А.Мусаев ээлеген кызматынан бошотулду

Turmush -  Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин буйругуна ылайык, Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна жаңы директор дайындалды.

Аталган оорукананын мурунку директору Мусаев Абдыкерим Салимжанович өз каалоосу менен 2-февралдан тартып ээлеген кызматынан бошотулду.

Буга байланыштуу 3-февралдан баштап Ноокен райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорлук милдети Абдуллаев Бахтияр Салыжановичке убактылуу жүктөлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1382
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×