Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.01.2015 14:53

Айыл турмушу: Карак-Көлдө тогуз коргоол оюнун өркүндөтүп келген жалгыз аял К.Оморова «мыкты спортчу» номинациясын алган (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Калима Оморова тогуз коргоол оюнун өркүндөтүп жана лыжа тепкен жалгыз аял болуп эсептелинет, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, К.Оморова кыргыздын улуттук оюну - тогуз коргооолду үйрөнүп, Ч. Айтматовдун жаркын элесине арналган тогуз коргоол боюнча V эл аралык таймашында 35 жаштан жогорку улуу адамдардын арасында 1-орунду ээлеген жана 2015-жылдын жыйынтыгы менен Кара-Көл шаарында спортту өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн «Мыкты спортчу» номинациясын алган.

5

1

К.Оморова 1957-жылы 2-февралда Токтогул районунун Жазы-Кечүү айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Алты бир тууган, беш уулдун арасында жалгыз эрке кыз болуп чоңойуп, эркек балдар менен көп убакыт өткөргөндүгү себеп болгонбу, орто мектепти аяктагандан кийин, Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия институтуна 1975-жылы тапшырып, 1980-жылы аяктаган.

4

Студент кезинде Кой-Ташта жайгашкан лыжа тебүүчү базасына барып, кышында лыжа тепчү, ал эми жайында роллер тебип машыкчу. Эмгек жолун өзү бүтүргөн Кара-Көл шаарындагы №2 орто мектебинде дене-тарбия сабагынан мугалим болуп иштеп баштаган.

6

Өзүнүн кесибине кызыгып, жеке турмушун ойлобогон К.Оморова кыз башы менен эркек кишилерден кем калбай стандарттык эмес жасалгалоолорду ( нестандартные оборудования) - спорттук аянтчаларда колдоонучу жасалгалорду өзүнүн колу менен орноткон.

8

Ал 29 жашында Таш-Көмүрдүн тургунуна турмушка чыгып, бүгүнкү күнү Бактыгүл деген кызы бар. 35 жылдан бери дене-тарбия сабагынан мугалим болуп иштейт. КР орто жана жогорку окуу жайларында тогуз коргоол оюну программага киргизилген, бирок бул оюнду билбегендиктен, 2010-жылы К.Оморова квалификацияны жогорулатуу курсуна Бишкек шаарына барганда М.Кийизбаевден 2 лекция, 2 практикалык сабак алат.

9  

2010-жылы мугалимдер арасында болгон Республикалык спартакиадага Жалал-Абад обласынан жалгыз К.Оморова катышып, 2 очко алат. Кара-Көл шаарында орто мектептердин программасына киргизилген тогуз коргоол оюнун жалгыз К.Оморова өркүндөтүп келе жатат.

15

Ар бир таймашта жакшы көрсөткүчтү көрсөтүп, 5 жылдан бери тогуз коргоолго кызыккан көптөгөн балдар-кыздарды тарбиялап келе жатат.Бул оюн Кара-Көл шаарынын орто мектептердин ичинен №6 орто мектебинде жана балдар спорттук мектебинде өтүлүп жатат.

11

К.Оморованын айтымында, Кытайда окуп жаткан кызы да тогуз коргоолду абдан кызыгуу менен ойнойт. Себеби, кыргыз элинин улуттук оюнун коңшу мамлекеттер өзгөчө көз караш менен өнүктүрүп ойношот. Кечеги күнү Ысык-Көлдө өткөн Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында да К.Оморова тогуз коргоол оюну боюнча калыстар тобунун мүчөсү болгон.

3

2

10

13

16

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×