Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.12.2014 15:55

Айыл турмушу: - Жалал-Абадда арчадан жана талдан жасалган жасалгалуу бешиктер 5500-8500 сомдон сатылат

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын базарында арчадан жана талдан жасалган, жасалгалуу бешиктер сатылат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бешик жабуу, төшөктөрү менен бооркоктору сыяктуу бешик жасалгаларын жергиликтүү тигүүчү, сатуучулар, түбөктөрү менен шимектерин жергиликтүү усталар жасашат.

Жасалгасы жок бешиктер Жалал-Абаддан тышкары Ош жана Анжиян шаарларынан алынып келинет.

Сатуучулардын айтымында, жасалгалуу арча бешиктердин баасы 8500 сомго, талдан жасалган жасалгалуу бешиктер 5500 сомго чейин бааланат. Ал эми, жасалгасы жок арча бешиктер 4500-5000 сом, ал эми жасалгасыз талдан жасалган бешиктер 2500 - 4500 сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×