Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 25.12.2014 18:50

Токтогул райондук сотунун судьясы Ж.Эгембердиев кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Turmush -  Ушул жылдын 20-декабрында президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, соттордун айыптоо өкүмдөрү мыйзамдуу күчүнө киришине байланыштуу КРнын жергиликтүү соттун судьясы Ж.Эгембердиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Документте Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Ж.Эгембердиев КРнын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу белгиленет.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×