Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 22.12.2014 10:41

Айыл турмушу: Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл өкмөтүндөгү «Ак-Кептер» тоок чарбасында 1,5 миңден ашуун тоок багылат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айыл өкмөтүндө «2009-жылы «Ак-Кептер» тоок чарбасы уюштурулган, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Жеке ишкер Максат Өсөровдун айтымында, 2009-жылдан тарта бул тоок чарбасында 1696 даана тоок багылган.

«Ошол жылдар аралыгында 300 000 ( үч жүз миң) сом насыя алып, 240 000( эки жүз кырк миң) сом райондук акимияттан жана 60 000 (алтымыш миң) сом Жалал-Абаддын губернатору жардам беришкен. Ошолордун негизинде 3 тоок сарай салдым»,- дейт тоок чарба башчысы М.Өсөров.

Ал белгилегендей, бул тооктордун пародалары «Ламонсенди» ак тоогу. Учурда бир сарайга 40 күндүк болгон 1056 жөжө тоогун алган. Бул порододагы тооктор 98% жумуртка берет. Бул тооктор 18 ай жумуртка беришет.

Жеке ишкердин айтуусу боюнча 20 күндөн кийин жумуртка бере баштайт. Жеке ишкер өндүргөн жумурткаларын райондун борбордук базарына алып барып даанасын 7 сомдон сатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×